А.Масалиев кең көчөсүн асфальттоо иштеринин 5-этабы графикке ылайык жүрүүдө

А. Масалиев көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштеринин 5- этабы кызуу жүрүп жатат. Жумуш жараяны менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыгып, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабын койду. Учурда жол тилкесине асфальт басылып, четтерине бордюрлар коюлуп жатат. Жакынкы күндөрдө жумуш толук бүткөрүлүп, жол сызыктарын чийүү иштери башталат.
Ош автобекети шаар мэриясынын карамагына өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мэриянын карамагына өткөрүлүп берилген Ош автобекетинин абалын жеринен көрүп чыкты. Анын негизинде тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды. Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча […]
Ак-Буура дарыясынын жээги жыл соңуна чейин көрктөндүрүлүп бүтөт

Тилеке-Баатыр көчөсүнүн Нурматов көчөсүнөн баштап А. Навои көчөсүнө чейинки аралыкта Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун 2-этабы натыйжалуу ишке ашырылууда. Долбоорго ылайык, узундугу үч чакырымга жакын жерге жарандардын эс алуусуна ылайыкташтырылып, заманбап жарыктандырылып, 14 терраса, жашыл аймактары бар кичи аралдарды орнотуу каралган. Жумуштун аяктоо мөөнөтү 1 жыл. Белгилей кетсек, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан […]
Шаар казынасын арттыруу талабы коюлду

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев үстүбүздөгү жылдын 7 айындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө бөлүмүнүн, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын жана борбордук базар жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө жети ай аралыгында жергиликтүү казынанын киреше […]
“Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” долбоорлору натыйжалуу ишке ашууда

Ош шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен Ош шаарынын мэриясынын шаардын инфраструктурасын, туризм тармагын өркүндөтүү боюнча «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» биргелешкен алты долбоордун алкагында жумуштар кызуу жүрүп жатат. Анын негизинде, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, жана коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу жетекчиси Марс Наспеков […]
Калк арасында синтетикалык баңгизатка каршы күрөш күчөтүлөт

Ош шаарынын мэриясында синтетикалык баңгизаттарга жана дарыкана баңгилигин калк арасында жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү максатында жыйын өттү. Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысы Абдисамат Пусурманкулов, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, дары-дармек менен камсыздоо департаментинин жетекчилери, казыяттын өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында […]
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана балдардын маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү. Жыйынга, мекеме-ишканалардын, бул жаатта иш алып барган коомдук уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин 9-отурумундагы […]
Жылытуу мезгилине карата даярдыктар талкууланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевтин жетектөөсүндө, 2023-2024-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык райондук электр тармактарынын, Ош шаарынын жылуулук электр борборунун, “Жылуулуккамсыздоо” муниципалдык ишканасынын, билим берүү башкармалыгынын, адистештирилген коммуналдык кызматтардын жетекчилери жана саламаттыкты сактоонун координаторлору күз-кыш мезгилдерине карата камылга иштери боюнча […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

А. Масалиев кең көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштеринин 5-этабы башталышына байланыштуу, бүгүн 31-июль күнү саат 23:00дө А.Масалиев менен Ж. Райымбеков (Зайнабетдинов) көчөсүнүн кесилишинен, И. Раззаков (“Каныкей эне” сквери) көчөсүнө чейинки бөлүк жабылат. Унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз.
Ош шаарында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиялык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаар башчысынын орун басарлары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча эки маселе каралды: -Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана милдеттер жөнүндө; -“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген […]