Ош шаарында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиялык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаар башчысынын орун басарлары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча эки маселе каралды: -Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана милдеттер жөнүндө; -“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген […]
Президент Садыр Жапаров Ош шаарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган. […]
Ош шаарынын мэриясы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар арасында “Мамлекеттик тилди өнүктүргөн мыкты муниципалдык аймактык башкармалык” аталышында сынак жарыялайт

Сынак, Ош шаарында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, мыйзамсыз жайгаштырылган көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү максатында өткөрүлүп, ага Ош шаарынын муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар (эки топко бөлүнүп ) катышып, натыйжасы 23-сентябрда чыгарылат. Сынактын шарттары: – Башкармалыктардын аймагында, мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иштерин жүргүзүү; – Аймактардын көчөлөрүндө илинген көрнөк-жарнактардын сабаттуулугун талдоо; – Муниципалдык […]
“Тез жардам” кызматы электрондук башкаруу тутумуна кошулду

Бүгүн, Ош шаарында “Тез жардам” кызматынын ишмердүүлүгүн жана ыкчамдуулугун жакшыртуу максатында байланыштарды санариптештирүүнүн натыйжалуулугу боюнча жыйын өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Ош шаардык медициналык мекеме-ишканаларынын жетекчилери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында электрондук башкаруу тутуму диспетчерлердин, тез жардам кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, ишин бир топ жакшыртаары белгиленди. Ош шаарынын мэриясынын […]
Ошто МСЭКтин алты айлык ишинин жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында жарандардын кайрылуусуна ылайык, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссияларынын ишмердүүлүгү боюнча Ош шаарынын мэриясынын аппараттык кеңешмеси болуп өттү. Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров алып барып, ага Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалдарынын, Ош шаардык социалдык фондунун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Ош […]
Айыл чарба техникуму жаңы жабдуулар менен камсыз болду

Бүгүн, Ош айыл чарба техникумуна, Бүткүл дүйнөлүк банктын Ош облусу жана Ош шаары боюнча “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун, “Негизги айыл чарба кызматтарын жөнгө салуучу функцияларды жакшыртуу” курамынын 1-этабынын алкагында, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору (ААЖБ) тарабынан (жалпы суммасы 84 460 АКШ долларды түзгөн ) жаңы заманбап, акыркы үлгүдөгү электрондук окуу куралдар, компьютерлер, керектелүүчү шаймандар, интерактивдүү доскалар, […]
Мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышына көзөмөл күчөтүлөт

Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу, Ош шаардык прокуратурасынын сунуштамасын талкуулоо, жеке менчик мекемелердин, уюмдардын аталыштарын, көрнөк-жарнактардын жана кулактандыруулардын мыйзамдык ченемдерин иретке келтирүү боюнча жыйын өттү. Жыйын Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери, […]
Шаар башчысы жарандардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүдө

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылуусуна ылайык, Озгур айылындагы суу насосунун иштен чыгышынан улам, таза сууга муктаж болгон Солнечный тилкесинин тургундарынан кабар алды. Шаар башчысы маселени жеринде көрүп, «Ош шаар суу канал» ишканасынын адистеринин жардамы менен иштен чыккан насостун абалын тез арада талдап, оңдоону тапшырды. Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына […]
«Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ладовский көчөсүндө салынып жаткан 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу менен жеринен таанышты. Мында курулуш иши 90 пайызга бүтүп калган. Учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштарды уюштуруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлүүдө. Бала бакчанын курулушу толугу менен август айынын башында […]
Балдардын эмгегине каршы “Өспүрүм-эмгек” аталышындагы рейд өттү

Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык түзүлгөн иш мерчемдин негизинде Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, КРнын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы жана Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте “Өспүрүм-эмгек” аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү. Рейд […]