Мэр Пятилетка айылынын тургундары менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жарандардын кайрылуусуна ылайык, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Пятилетка айылынын А.Саргалчаев көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугушту. Бакытбек Жетигенов жергиликтүүлөрдүн инфраструктуралык көйгөйлөрүн, анын ичинде аталган көчөнү асфальттоо, электр мамычаларын орнотуу жана аялдама куруу, канализация жана газ түтүктөрүнө туташтыруу боюнча маселелерин укту. Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди: – Келерки жылга А.Саргалчаев […]
“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы жаңы техникалар менен толукталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин жана ишкананын өздүк каражатынын эсебинен сатып алынган 7 жаңы заманбап атайын техникалар менен жабдууларды тапшырды. Калаа башчысы техникалар ишкананын өндүрүштүк-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен иштин сапатын да жакшыртаарын белгиледи. Ишканага төмөнкү техникалар сатып […]
Ошто таштандыларды ылголоочу дагы бир аянтча пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө «Аманат Сити» курулуш компаниясынын демилгеси менен таштандыларды ылголоочу жаңы аянтча ачылып, «Ош-Тазалык» адистештирилген муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мындай саамалык үлгү болушу керектигин, жарандарга шарт түзүп берүүдө жеке тараптардын колдоосу маанилүү экендигин билдирди. Аталган компания таштандыларды ылголоочу аянтчаны жалпы 300дөн ашык квартиранын жашоочулары үчүн ылайыкташтырып курушкан. Мындай […]
Шаар башчысы куруучуларды сыйлады

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Аларды шаардын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, курулуш тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн бир катар курулушчуларды Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык баракчасы менен сыйлады. Кыргызстанда Куруучулар күнү жыл сайын августтун экинчи жекшембисинде белгиленет.
Ленин көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Ленин көчөсүнө асфальт төшөлүүдө
Калаа башчысы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарындагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырып, анын алкагында шаар башчысы “Тез жардам” кызматынын, Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалдарынын абалы менен таанышып чыкты. Мэр, айрым эскилиги жеткен мекемелерди оңдоп-түзөө үчүн тиешелүү кызматтарга иш-мерчемдерин түзүү, жаңы имараттарды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.
Кайырчыларга түшүндүрүү иштери жүрөт

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарында кайырчылык кылган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тилемчиликти жоюу, коомдук тартипти сактоо боюнча жыйын өткөрдү. Ага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, билим берүү тармагынын, Ош шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты. Жыйында, тилемчиликти жоюу багытында, буга чейин жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу […]
БУУ жана Ош мэриясы жаңы долбоорлорду ишке ашырат

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бет ачары болду. Ага уюмдун өкүлдөрү, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйында ишке ашырылып жаткан жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, социалдык теңдикке жетүү долбоорлоруна колдоо көрсөтүү талкууланды. Борбор Азияда зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн коомдогу туруктуулукту сактоо, жаштар борборун уюштуруу боюнча жаңы үч долбоордун […]
Ошто жалпы шаардык ишембилик өттү

Бүгүн, Ош шаарында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке шаардык мекеме-ишканаларынын, мамлекеттик муниципалдык кызматтардын, ведомстволордун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын эмгек жамааттары катышты.
А.Масалиев кең көчөсүн асфальттоо иштеринин 5-этабы графикке ылайык жүрүүдө

А. Масалиев көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштеринин 5- этабы кызуу жүрүп жатат. Жумуш жараяны менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыгып, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабын койду. Учурда жол тилкесине асфальт басылып, четтерине бордюрлар коюлуп жатат. Жакынкы күндөрдө жумуш толук бүткөрүлүп, жол сызыктарын чийүү иштери башталат.