Көз карандысыздык күнүнө карата шаар көчөлөрү иреттелип, тазалыкты сактоо иштери күчөтүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте, Ош шаарынын көчөлөрүн иретке келтирүү жана тазалыкты сактоо максатында жеринен көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди. Мында негизги Ленин, Курманжан-Датка жана ички көчөлөрдөгү ирригациялык тармактардын, жашыл аянттардын абалы, имараттардын сырткы көрүнүштөрү текшерилди. Рейддин жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга бак-дарактарды […]
Ошто социалдык-маданий мекемелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык-маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышты. Калаа башчысы “Лотос” үй-бүлөлүк балдар үйүндө болуп, анда жашаган балдар үчүн жаңы имарат куруу зарылчылыгы бар экенин белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине келерки жылга долбоорду даярдоо боюнча тапшырмасын берди. Ошондой эле Бакытбек Жетигенов К.Ташбаев атындагы шаардык китепканага барып шарт абалы менен […]
Ош мэриясы Орусия кызматташтыгы менен бир катар долбоорлордун үстүндө иштешет

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасындагы Орусия кызматташтыгынын жетекчиси Альберт Зульхарнеев баштаган жумушчу топту кабыл алды. Жолугушууда тараптар, маданият, билим берүү, туризм жана спорт багыттары боюнча биргелешкен келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты. Жолугушуунун алкагында шаар бийлигине Ош шаары боюнча илим жана маданият борборунун жетекчисинин жаңы […]
Көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын ченемдерин иретке келтирүү боюнча иштер улантылууда

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери биргеликте “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы көрнөк-жарнактарды текшеришти. Аталган аймактын Масалиев көчөсүндө жайгашкан 35 соода-сатык жай текшерилип, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» жана «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактабаган коммерциялык жайлардын 8 ээсине тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилип, […]
Ошто 19 жеке медициналык борбор жабылды

Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу […]
Бакытбек Жетигенов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидовду кабыл алып, эки тараптуу мамилелер жигердүү өнүгүп жатканы белгиленди. Тараптар социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, маданий-гуманитардык, туризм жана башка келечектүү багыттарда кызматташууну чыңдоо, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелери боюнча сүйлөшүштү. Жолугушуунун соңунда, тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты […]
Ошто көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктардын кызматкерлери биргеликте «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгын текшерүүгө алышты. Анын жүрүшүндө, аталган аймакта жайгашкан жарнама илинген бардык имараттар текшерилип, 34 мыйзамсыз жана эскилиги жеткен жарнактар жеринен алынып салынды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талабына жооп бербеген […]
Велосипед менен ажылык сапарга кеткен жаран кайтып келди

Ош шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат 2023-жылдын 4-майында велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.
Ош шаарында 6 мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ош шаарынын мэриясы, архитектура жана шаардык мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы биргеликте мыйзамсыз курулган имараттарды, анын ичинде уруксат кагаздары жок курулган көп кабаттуу үйлөрдү көзөмөлгө алган. Рейд учурунда архитектура жана шаардык мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы шаардын аймагында жайгашкан алты өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткан төмөнкү даректердеги курулуштарды аныктап, аларга эскертме берилип, курулуш иштери токтотулган. […]
Калаа башчысы Венгриянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги мырзаны кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөштү. Бакытбек Жетигенов Ош шаары көптөгөн өлкөлөрдүн шаарлары менен достук алакада экендигин белгилеп, эки тараптуу кызматташууга кызыктар экендигин билдирди. Ошондой эле боордош эл менен соода-экономикалык мамилелер Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду аркылуу өнүгүп жатканын белгиледи. Өз кезегинде Шандор […]