А. Масалиев кең көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштеринин үчүнчү этабы кызуу жүрүүдө

А. Масалиев көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштеринин 3-этабынын жүрүшү Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жеке көзөмөлүндө. Учурда жол тилкесинде бордюрлар төшөлүүдө. Калаа башчысынын тапшырмасына ылайык, бордюрларды орнотуу иштерине кошумча жумушчу бригадасы тартылган. Жакынкы күндөрдө бардык иштер бүткөрүлүп, жол сызыктарын чийүү иштери башталат.
Ошто үлүштүк эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык компаниясы тарабынан салынып жаткан үйлөрдүн курулушу менен жеринен таанышты. Калаа башчысы Набережная көчөсүндө 9 кабаттан турган 106 батирлүү үйдүн курулушу жана Тилеке-Баатыр көчөсүндө 12 кабаттан турган 100 батирлүү үйдүн курулуш иштерин көрүп чыкты. Долбоордун негизинде аталган үйлөрдүн айланасы жана ага чектеш аймак көрктөндүрүлүп, балдар аянтчаларын, унаа […]
Ошто Алай көчөсүндөгү жолду жана ага чектеш көчөнү оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Алай көчөсүндөгү жолду асфальттоо боюнча жүрүп жаткан жумуштар менен жеринен таанышып чыкты. Мында, жолду оңдоп-түзөөдөн тышкары, тиешелүү кызматтар тарабынан таштандыларды ылгоолочу контейнерлерди орнотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, инженердик тармактарды өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган тилкедеги жолдун жалпы узундугу 700 метрди түзөт.
Мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлүүдө

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов башында турган жумушчу топ, архитектура жана шаардык мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы биргеликте «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Кулатов көчөсүндө курулуп жаткан имараттын тиешелүү уруксат кагаздары жоктугуна байланыштуу курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой тургандыгы боюнча эскертүү беришти. Учурда ОсОО «Пик Групп» курулуш компаниясына таандык имараттын курулушу боюнча тиешелүү соттук териштирүү иштери […]
Ош: Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар күч

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгын Ош шаарында белгилөөгө байланышкан даярдык иштери менен жеринде таанышты. Көчмө жыйынга Эгемендүүлүк күнүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар […]
Жаңы дайындоо!

Исакжанов Таймураз Ураимович Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду.
Жапалак айылдык аймагындагы жерлерди тактоо иштери уланууда

Ош шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин катышуусунда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жерлерди аныктап чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Башкармалыктын карамагына айыл чарба, жайыт жерлери, жолдор жана ирригациялык тутумдар кирет. Жыйында, каттоо иштерин менчигинин түрүнө карабастан жер категориялары боюнча бөлүштүрүү максатында иштелип чыккан жобонун негизинде жүргүзүү сунушталып, […]
Ошто бир катар сулуулук салондор текшерилди

Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери биргеликте шаар тургундарынын арасында кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык – гигиеналык эрежелердин, эпидемиологиялык ченемдердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү. Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салон залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, […]
Ошто жазгы үч айлыкка активдүү катышкандар сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, ага активдүү катышкан бир нече ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер сыйланышты. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, ар бир муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын, кварталдык жана үй комитеттеринин, Ош шаарынын тургундарынын, жеке ишканалардын жана социалдык мекемелердин шаар аймагындагы тазалыкты […]
Эми коомдук транспорттордо жол акыны «Элкарт» картасы менен төлөөгө болот

Ош шаарынын тургундары жана коноктору коомдук транспортто жол акысын «Элкарт» банктык картасы менен төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бүгүнкү күндө жаңы төлөм №13-маршруттук линиядагы муниципалдык автобустарда жана шаардык троллейбустарда жеткиликтүү. Жакынкы арада тутум ISUZU SAZ HC үлгүсүндөгү 40 муниципалдык автобустарында ишке киргизилет. Мындан тышкары, жол акысын төлөө жакынкы убакыттарда мобилдик тиркемелер, Visa жана Mastercard банк карталары […]