Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, мэриянын тиешелүү бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен биргеликте жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Сонунбек Жунусбаев жарандар тарабынан айтылган ар бир маселеге көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга талаптарды аткаруу боюнча жеринде мыйзам чегинде чечүү тапшырмасын берди.