ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жарнамалардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейддер күчөтүлгөн тартипте уланууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик жана шаардык тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын мүчөлөрү, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү биргеликте рейдге чыгышты.

Рейдде Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын Курманжан датка көчөсү, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгынын Мамыров, Калинин көчөлөрүндө жайгашкан объекттер текшерилип, мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, грамматикалык каталары бар, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алып салуу иштери жүргүзүлүп, менчик ээлерине жарнамаларды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарына келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Мындан ары эскертүү берилген, бирок талапты аткарбагандар үчүн катуу чаралар көрүлөт. Рейд иштери уланат.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео