ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жарнамалык маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейд Курманжан датка көчөсүндө улантылды

Бүгүн, Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан имараттар текшерүүгө алынып, мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, грамматикалык каталар орун алган, өңү өчүп, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жарнамаларды оңдоо жана алып салуу иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле кээ бир менчик ээлерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертилди.

Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы жана тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери тарабынан шаардын көчөлөрүндө илинген бардык жарнамалык маалыматтар мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте улантылат.

Ош шаарынын мэриясы ишкерлерге сырткы аталыштарын жазууда жана жарнамаларды көчөлөргө илүүдө мыйзам талаптарын сактоону эскертет.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео