Ош шаарынын мэриясы “Ош шарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программасынын” алкагында 2024-жылга карата тандалып алынган коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурс жарыялайт.
– Ош шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок, көчөдө жашаган адамдарды реабилитация жасоого туруктуу муниципалдык мекеменин жоктугу коомдук пайдалуу долбоору.
– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды эрте кийгилишүү жолу менен даарылоо аркылуу социалдык чөйрөгө кошуу коомдук пайдалуу долбоору темасы.
– Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу коомдук пайдалуу долбоорлору.
– Жашы жете элек кыздарды эрте турмушка узатуунун алдын алуу коомдук пайдалуу долбоору.
– Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык, психологиялык жардам берүүнү уюштуруу коомдук пайдалуу долбоору.
Арыздарды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2024-жылдын 30-июль күнү, саат 17-00гө чейин. Эгерде арыз конкурс жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин берилсе, анда арыз ээси конкурска катышууга киргизилбейт.
Конкурска катышуу боюнча кененирээк маалымат Ош шаарынын мэриясынын официалдуу сайтынан (03222) 5-50-66, 0555 14 01 97 телефон номерлери аркылуу алсаңыздар болот.
Туруктуу жашоочу үй-жайы жок селсаяк жарандар
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды эрте жашта дарылоо менен социалдык чөйрөгө кошуу
Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдун алуу
Жашы жете элек кыздарды эрте турмушка узатуунун алдын алуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык, психологиялык жардам берүүнү уюштуруу