Сиздерди 22–23-апрель күндөрү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган “Окурман Ош” китеп фестивалына чакырабыз!
Ош шаарынын мэриясы, КР Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте “Окурман Ош” деген аталышта китеп фестиваль өткөрүп жатат.
Фестивалдын алкагында сиздерди китеп жарманкеси, тематикалык көргөзмөлөр, кызыктуу оюндар, конкурстар жана концерттик программа күтөт. Бул – китеп сүйүүчүлөр үчүн чыныгы майрам!
Фестивалдын программасы
22-апрель (1-күн)� 12:00–13:00 — Ош мамлекеттик университетинде белгилүү чыгармалар боюнча жаш окурмандар үчүн тест сынагы.
13:00–14:20 — С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында режиссёр Уланмырза Карыпбеков койгон “Куса” драмасы (кирүү акысыз).
23-апрель (2-күн)�12:00 — Т. Сатылганов атындагы облустук китепканада “Жаштарды китеп окууга тартуу маселелери” темасында тегерек стол.
14:00–16:00 — Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында акын-жазуучу Зинакан Пасанованын 70 жылдыгына арналган чыгармачылык кече.
17:00–18:00 — Алымбек датка этнографиялык комплексинде китеп жарманкесинин расмий ачылышы.
19:00–20:30 — “Окурман Ош” фестивалынын салтанаттуу жабылышы жана концерттик программа.
Китеп майрамына келип, руханий дүйнөңүздү байытыңыз!