ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жашыл демилге: Ошто жаңы сквер көрктөндүрүлдү

🌳 Ош шаарында дагы бир жаңы сквер салынып, рябина, штамп роза, можжевельник жана дуб көчөттөрү отургузулду.
🔹 Бул калааны системалуу түрдө “жашыл шаарга” айландыруу багытындагы жаңы этаптардын бири гана.
🔹 Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков жана шаар тургундары катышты.
Жаңы сквер — шаарда акыркы убакта ишке ашып жаткан жашыл инфраструктураны кеңейтүү долбоорлорунун уландысы болуп саналат.
🔹 Шар бийлиги тарабынан жакынкы мезгилде скверлердин санын көбөйтүү, бош жаткан аймактарды жашыл зоналарга айлантуу жана ар бир кичи райондо эс алуу үчүн жеткиликтүү коомдук мейкиндиктерди түзүү пландалууда.
🔹 Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев:
“Ар бир жаңы сквер — бул тургундар үчүн таза аба, коопсуз эс алуу жана балдар үчүн шарт. Максатыбыз — Ошту чыныгы жашыл калаага айландыруу,” — деп белгиледи өз сөзүндө.
🔹 Отургузулган көчөттөрдүн түрлөрү шаардык климатка ылайык тандалып алынган. Адистер алардын өсүп-өнүгүүсүн көзөмөлдөп, сугаруу жана кароо иштерин туруктуу негизде жүргүзөт.
🔹 Мындай демилгелердин алкагында шаарда жакын арада дагы бир нече жаңы скверди түзүү жана учурдагы жашыл аймактарды реконструкциялоо каралууда.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео