Ош шаарынын келечеги сиздин пикириңизден башталат!
Урматтуу шаар тургундары! Ош шаарынын мэриясы ЕРӨБдүн “Жашыл шаар” программасынын алкагында шаарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгууда.
Шаарыбызды таза, жашыл, коопсуз жана ыңгайлуу кылуу үчүн сиздин пикириңиз маанилүү!
Сурамжылоо мэриянын расмий Facebook жана Instagram баракчаларында өтөт.
Мөөнөтү: үч жума.
Сурамжылоого катышыңыз! Сиздин үнүңүз — Ош шаарынын келечеги!
