Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү жана бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулоо боюнча жолугушуу өттү.
Жолугушууга тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.
Белгилей кетсек, Жаңы-Маала конушу 2024-жылдын март айында административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунан Ош шаарынын административдик карамагына өткөрүлгөн.
Конушта инсандыгын ырастоочу документтери жок жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды аныктоо максатында 2026-жылдын 11-31-август күндөрү 11 көчөдө үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлүп, кожолуктардын жана жашоочулардын саны такталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө мониторингдин жыйынтыктары, тургундардын укуктук абалы жана документтерди тариздөө маселелери каралды. Учурда конуш тургундарын документтештирүү боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

