Бүгүн, 13-августта Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болду.
Шаар тургундарын Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, МАБ башчылары менен бирге кабыл алып, маселелерин укту.
Ар бир айтылган көйгөй боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.