ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 28-апрелине белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында шайлоочулардын шайлоо процессине катышуусу негизги артыкчылыктуу багыттардын бири экени, ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер шайлоону өткөрүүгө кийлигишпөөсү керектиги баса белгиленди.

Ошондой эле шайлоону уюштуруу иштери боюнча маалымат берилип, шайлоо комиссияларына өз убагында жардам көрсөтүү, майыптыгы бар жарандар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзам бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча маселелер талкууланып, уюштуруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарындагы 55 шайлоо участкасында 125 миңден ашуун шайлоочу катталган. Маалым болгондой, №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча учурда 17 талапкер катталган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-апрелине дайындалган.

Окшош жаңылыктар

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

Видео