ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жолугушуу өттү

🔹 Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулган «Инвестициялык багыт: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аттуу семинар өттү.
🔹 Семинарга Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирланбек Орозбаев, жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси катышты.
🔹 Иш-чара инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө, аймактык долбоорлорду колдоого, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара байланышын кеңейтүүгө, ошондой эле инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты түшүндүрүүгө багытталды.
🔹 Катышуучулар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун өзөктүү маселелерин, уруксат кагаздарын алууда бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жолдорун талкуулашты.
🔹 Панелдик талкууда ишкерлер инвесторлор туш болгон негизги көйгөйлөрдү ачык айтып, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн конкреттүү жоопторду алышты.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео