Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы эски аялдамалардын ордуна 30% тейлөөчү жайы бар заманбап “акылдуу аялдамаларды” курууга аукцион жарыялайт.
Лоттор: 1. И. Раззаков көчөсү, “МПА” май куюучу жайынын маңдайы — 38,8 м², 2522 сом/ай. 2. Алымбек-Датка көчөсү, Ныязалы атындагы муз. окуу жайынын жаны — 30,0 м², 2730 сом/ай. 3. Т. Касымбеков көчөсү, “Манас” айкелинин чыгышы — 60,0 м², 3900 сом/ай.
Курулган аялдама мэриянын балансына алынып, комиссиянын чечими менен ижарага берилет.
Документтер: • паспорт/түзүүчү документ; • ишеним кат; • 10% кепилдик төлөм; • 0,5% жыйым; • арыз
Аукцион жарыя чыккандан 30 күн өткөндөн кийин өтөт. Арыз берүү — конкурска 1 күн калганга чейин.
| Лот № | Жер тилкенин дареги | Максаты | Тейлөөчү жайы менен ялдаманын жалпы аянты (тейлөөчү жайы) (м2) | Старттык баасы бир айга (сом) |
| 1 | 2.1. Ош шаарынын И. Раззаков көчөсүндөгү н-ж дарегиндеги болжол “МПА” май куюучу жайынын бет маңдайында | Аялдама куруу үчүн | 38,8 (11,64) | 2522 бир айлык |
| 2 | Ош шаарынын Алымбек-Датка көчөсүндөгү Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жанында (түштүк багыты) жайгашкан | Аялдама куруу үчүн | 30,0 (9,0) | 2730 бир айлык |
| 3 | Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын Т. Касымбеков көчөсүндөгү “Манас” айкелинин күн чыгышты карай жайгашкан | Аялдама куруу үчүн | 60,0 (18,0) | 3900 бир айлык |
Конкурска катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 (2-кабат, 5-каана).
