ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу тартиби тууралуу маалымат

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-июлунан тартып жаңы мамлекеттик жөлөкпул — «Бала ырысы» киргизилди. Жөлөкпулдун өлчөмү ай сайын 1200 сомду түзөт жана бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин бардык балдарга үй-бүлөнүн кирешесине карабастан төлөнөт.

Жөлөкпулду алуу үчүн балага жеке идентификациялык номер (ПИН) берилип, ал алуучу (ата-энеси) менен чогуу жашаган болушу керек. Эгер үй-бүлөдө эгиз же андан көп бала төрөлсө, төлөм ар бир балага өзүнчө дайындалат.

Арыз берүү процесси жөнөкөйлөштүрүлүп, жөлөкпулга арызды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Талап кылынган маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу такталып, жарандардын кошумча документ чогултуусуна болгон муктаждык азайтылат.

Жарандарга маалыматтарынын актуалдуулугун өз убагында жаңыртып туруу сунушталат. Бул жөлөкпулду өз убагында жана тоскоолдуксуз алууга шарт түзөт.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео