ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто “Эко Азык” борборунун канализациясы жаңыланат

Ош шаарындагы “Эко Азык” соода-логистикалык борборунун саркынды суу түтүктөрү шаардык канализацияга туташтырылат. Долбоор Бүткүл Дүйнөлүк Банктын “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” программасынын алкагында ишке ашат. Бул үчүн Х.Каримов көчөсүндөгү борбордун саркынды суу системасы толук жаңыланат. Бул ишкананын экологиялык абалын жакшыртат жана шаардык тармакка туруктуу туташууну камсыз кылат. Долбоордун жалпы баасы 10 млн 852 миң сом. Анын 10 млн сому грант эсебинен, 852 миң сому ишкананын өз каражатынан каржыланат. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Курулуш жакынкы күндөрдө башталат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео