Ош шаарында Жаштардын креативдүү хабы расмий ачылып, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева, Ош шаардык Кеңештин депутаттары, шаардын жаштары жана активисттери катышты.
“Молодежный Креативный Хаб” долбоору 2020-жылы “Youth of Osh” коомдук уюму тарабынан ишке ашырыла баштаган. Бул – көп функциялуу аянтча. Хаб иш орду, билим берүүчү аянтча, коомдук мейкиндик, соода түйүнү жана эс алуу борборунун милдетин аткарат.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай инфраструктура шаардын атмосферасын өзгөртүп, жаштардын жашоосун кызыктуу кылат. Негизги максат – жаштарды чет өлкөгө же борборго кетүүдөн кармап, өз шаарында өнүгүүгө шыктандыруу.
