Ош шаарында медицина кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарада шаар башчысы саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, калктын ден соолугун коргоодогу эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.
Майрамдык жыйын концерттик программа менен коштолду. Белгилүү ырчылар жана чыгармачыл топтор дарыгерлерге арналган ыр-бийлерин тартуулашты.
Иш-чаранын алкагында бир катар медицина кызматкерлерине Ардак грамота жана белектер тапшырылды.