Ош шаарында ички жана тышкы миграциянын абалын тактоо, калктын агымын иретке келтирүү боюнча жыйын болуп өттү.
Ага Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгү, “Достук” көзөмөл өткөрүү пункту, Ош ШИИБ, салык кызматы, эмгек жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында комиссиянын курамы бекитилип, шаар аймагында жеринде текшерүү жана тактоо иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Негизги максат: калкты жумуш менен камсыз кылууну жакшыртуу жана эмгек миграциясын жөнгө салуу.
