Ак-Буура дарыясынын жээгинде 15 гектарга жакын аймакты камтыган заманбап парк курулууда. Бул долбоор шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Эс алуу жайында спорттук жана балдар ойноочу аянтчалар, жөө жүрүүчү жана велосипед жолдору курулуп, жашылдандыруу, заманбап жарыктандыруу системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтарга курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
https://www.facebook.com/share/v/1PgVDZh2cM/?mibextid=wwXIfr











