ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Курманжан Датка көчөсүндө жаңы тротуар куруу иштери жүрүүдө

Курманжан Датка көчөсүнүн Жунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаңы тротуар куруу иштери жүрүп жатат. Учурда бул тилкеде асфальт төшөө жумуштары аткарылууда.

Аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте таанышты.

Аталган көчө шаардагы эл көп каттаган жолдордун бири болгондуктан, жаңы тротуарды куруу жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Учурда курулуш иштери атайын техникалардын жардамы менен жүргүзүлүп, этап-этабы менен уланууда. Иштер аяктагандан кийин шаар тургундары үчүн сапаттуу жана ыңгайлуу жөө жүрүүчү жол пайдаланууга берилет.

 

 

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео