Ош шаарынын мэри Ж.К. Акаев жетектеген делегация Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясына катышууда.
Форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, B2B форматындагы ишкердик жолугушуулар өтүүдө. Иш-чаралар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Көргөзмөгө Ош шаарында иш алып барган 11 жергиликтүү өндүрүш ишканасынын өкүлдөрү катышып, өз продукцияларын сунуштоодо. Алар азык-түлүк, жеңил өнөр жай жана өндүрүш тармагындагы товарларын тааныштыруу менен бирге Ош шаарынын өндүрүштүк, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде даңазалоого салым кошуп жатышат.
Мындай ири эл аралык аянтча Ош шаарынын экономикалык дараметин кеңири таанытууга, жаңы инвестицияларды тартууга, экспорттук байланыштарды чыңдоого жана чет элдик өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.



