Бүгүн ”Эмаком” курулуш компаниясы салган көп кабаттуу үйдүн тургундары Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевге кайрылышып, тийиштүү маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.
Жарандардын кайрылуусунан кийин калаа башчысы аталган дарекке барып, кырдаалды жеринен көрдү.
Тургундар үйдүн айланасын ирээтке келтирүү, балдар аянтчасын куруу, жылуулук берүү жана техникалык паспорт алуу сыяктуу бир катар көйгөйлөрдү ортого салып, аларды ыкчам чечип берүүнү суранышты.
Шаар башчысы ар бир маселе боюнча тийиштүү жетекчилерге так тапшырмаларды берип, аларды кыска мөөнөттө чечүү милдетин жүктөдү.
Ошондой эле берилген тапшырмалардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын белгилеп, создуктурбай чечүүнү жана жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү талап кылды.
https://www.facebook.com/reel/2702128670182851

