ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Балдарга кубаныч, аймакка өнүгүү: Базаров көчөсүндө жаңы бала бакча курула баштады

Бүгүн 13-августта Ош шаарынын Абдыкапар Базаров көчөсү, №53/1 дарегинде 75 орундуу жаңы бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусу салынды.
Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси заманбап талаптарга ылайык курулуп, кичинекей шаардыктар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жаркын шарттарды түзүүгө багытталган.
Долбоор тууралуу кыскача:
Жаңы 2 кабаттуу имараттын жалпы аянты 1118,5 м² түзүп, 75 балага ылайыкталган. Ичинде заманбап ашкана, жыйындар залы, медициналык жана уктоочу бөлмөлөр, жылытуу системасы каралган, ал эми сыртында коопсуз оюн аянтчасы курулат.
Аталган аймакта буга чейин чакан жана эскирген бала бакча иштеп келгендиктен, жаңы бакчага болгон муктаждык абдан жогору болчу. Аны менен катар, жакында көп жылдан бери чечилбей келген таза суу маселеси толугу менен жөнгө салынган.
Жергиликтүү тургундар балдардын жаркын келечеги үчүн жасалып жаткан мындай саамалыкка ыраазычылыктарын билдиришип, курулуш иштерине ийгилик каалашты.

https://www.facebook.com/share/v/1DU7t4TGjr/

       

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео