Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов менен жолугушуу болуп өттү.
Мамлекеттик агенттиктин өкүлүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев кабыл алып, шаардагы туризм тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.
Жолугушууда Ош шаарынын туристтик дараметин жогорулатуу, мейманкана жана тейлөө тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле шаарга келген туристтердин санын көбөйтүү боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле Ош шаарынын тарыхый-маданий мурастарын, туристтик жайларын жана шаардык инфраструктурасын натыйжалуу пайдалануу аркылуу туризмди экономикалык өсүштүн маанилүү багыттарынын бирине айландыруу мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар бул багыттагы өнөктөштүктү мындан ары да жигердүү улантууга макулдашышты.

