Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Б. Алыкулов атындагы мектептин айланасын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.
Мектепке кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жай, гараждар жана башка мыйзамсыз жайгашкан объектилер алып салынууда.
Аймак толугу менен тазалангандан кийин мектепке баруучу жол ачылып, окуучулар үчүн эркин жана коопсуз өтүүгө шарт түзүлөт.

