Ош шаарында № 75 “Тунук наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайрадан балдардын пайдалануусуна берилди.
Бала бакчанын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Дастан Наватов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, тарбиячылар жана ата-энелер катышышты.
Бала бакчадагы капиталдык оңдоп-түзөө иштери Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан толугу менен жүргүзүлдү. Анын алкагында имараттын ички жана сырткы бөлүктөрү жаңыланып, балдардын коопсуз жана ыңгайлуу шартта билим алуусу үчүн тиешелүү шарттар түзүлдү.
№ 75 “Тунук наристе” бала бакчасы 250 орунга ылайыкталган. Мындан тышкары жылуулук менен камсыздоо системасы да жакшыртылып, от жагуучу имарат бакчанын аймагына жайгаштырылды. Ал эми ЮНИСЕФ тарабынан кошумча жылуулук насосу орнотулду.
Белгилей кетсек аталган бала бакча Ош шаарынын Кеңеш айылында жайгашкан.

