ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кенже админстртивдик кызмат орундары үчүн КОНКУРС!!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт.

Документтер 2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына (кошо алганда) чейин кабыл алынат.
Конкурстук тандоо үч этапта жүргүзүлөт:
1. Документтерди кароо
2. Компьютердик тестирлөө
3. Аңгемелешүү

Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү боюнча тестирлөө өткөрүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.
Тестирлөөгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер катыша алышат:

– мамлекеттик органдар үчүн жогорку билими болууга тийиш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жогорку же орто кесиптик билими болууга тийиш;
– иш стажына талаптар коюлбайт.

Эгерде талапкер тестирлөө этабында 50 % балл алса, анда ал сынактын кийинки этабына киргизилет.
Сынактан тышкары жеке арызынын негизинде кадрлар резервине төмөнкү бүтүрүүчүлөр киргизилет:

– «Акылман» президенттик лицейи;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары;
– Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларынын артыкчылык диплому менен аяктагандар.
– майыптыгы бар, квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары.

Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу тапшыра алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген) документтер тиркелет:
– негизги жана кошумча (эгерде бар болсо) билими жөнүндөгү документтердин скандалган көчүрмөлөрү. Чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын дипломдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте которулуп жана апостиль коюлушу керек.
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон учурда).
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Резервде туруу мөөнөтү 3 жылды түзөт.
Конкурс жөнүндө маалымат менен Агенттиктин веб-сайтында https://mkk.gov.kg/ таанышууга болот.
Суроолор болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: 0 312 62 04 12, 66 01 49, 62 19 43, 62 02 86, 66 03 37

Окшош жаңылыктар

WhatsApp Image 2026-09-29 at 13.20.29

Ош шаарында Элдик Курултайларда айтылган сунуштарды ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

829342034_1437990018519891_650481032053914071_n

Ош шаардык Кеңешинин XXII сессиясы өтүүдө

1111158896White_and_Green_Modern_Land_Plot_Sale_Promotion_Instagram Post

Кулактандыруу!

20d331f2-30a5-4f6b-b1dd-97388179929e

Жетимишов көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктоо алдында

825861822_1436950985290461_7486598316207677496_n

Жарандарды тейлөө жаңы деңгээлге чыкты: Ош шаарында заманбап комплекс ачылды

fb456608-19f5-469f-a22c-adf7207c2d88

Жекшембидеги жумуш: Мэр Жаңы-Маала айылынан кабар алды

Видео