Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан У. Салиева көчөсү № 51 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн алды жана арткы тарабында жайгашкан жеңил конструкциядагы мыйзамсыз чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда.
Ушундай эле иштер № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн аймагында да жүргүзүлүүдө.
Иш-аракеттер шаардын аймагын иретке келтирүү, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана муниципалдык жерлерди максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу багытында улантылат.
