Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык объектилерди убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча конкурс жарыялайт.
Конкурска төмөнкү муниципалдык объектилер коюлат:
№ 1 лот. Ош шаарынын “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгынын Сүрөттүү-Таш айылында жайгашкан муниципалдык менчик жер тилкесиндеги бир кабаттуу имарат.
• Аянты: 61,0 чарчы метр.
• Баштапкы ижара акысы: айына 17 294 сом.
• Пайдалануу багыты: тигүү цехи, навайкана же соода түйүнү.
№ 2 лот. Ош шаарынын Калмурзаев көчөсүнүн № 75 дарегинде жайгашкан бир кабаттуу имараттын жер төлөсү.
• Аянты: 165,0 чарчы метр.
• Баштапкы ижара акысы: айына 46 200 сом.
• Пайдалануу багыты: спорттук-ден соолукту чыңдоо ишмердүүлүгү.
№ 3 лот. Ош шаарынын У. Салиева көчөсүнүн № 48 “Б” дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндөгү бөлмө.
• Аянты: 38,75 чарчы метр.
• Баштапкы ижара акысы: айына 2 712 сом.
• Пайдалануу багыты: кампа.
№ 4 лот. Ош шаарынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн № 52/2 дарегинде жайгашкан, инвестордун өз каражатына курулган темир конструкциядан жасалган бир кабаттуу социалдык-коммерциялык имарат.
• Аянты: 701,40 чарчы метр.
• Баштапкы ижара акысы: айына 198 847 сом.
• Пайдалануу багыты: социалдык жана коммерциялык ишмердүүлүк.
Конкурска катышуунун тартиби
Конкурска катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына төмөнкү дарек боюнча кайрылышат:
Дареги: Ош шаары, Заднепровский көчөсү, № 4, 2-кабат, 8-кабинет.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1. Жеке жактар үчүн — паспорт.
2. Юридикалык жактар үчүн — нотариалдык жактан же каттоону жүргүзүүчү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, уюмдун өкүлүнө берилген белгиленген үлгүдөгү ишеним кат жана өкүлдүн паспорту.
3. Лоттун баштапкы баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү жана 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
4. Катышуучу талапкер болгон лоттун номерин көрсөтүү менен белгиленген үлгүдөгү арыз.
Конкурска бардык жеке жана юридикалык жактар катыша алышат. Конкурска катышуу жөнүндө арызды конкурс өткөрүлө турган күнгө бир күн калганга чейин берүүгө болот. Катышуучулар конкурска жеке өздөрү же ишеним каттын негизинде өз өкүлдөрү аркылуу катыша алышат.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү объект боюнча белгиленген конкурс өткөрүү күнүнө үч күн калганга чейин конкурсту жокко чыгарууга укуктуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн телефон: 0 555 54-00-20.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы бардык кызыкдар тараптарды конкурска катышууга чакырат.
