Долбоордун алкагында 30 өзүнчө жер тилкеге бөлүнүп, фермердик чарбаларга жана ишкерлерге эт-сүт багытындагы мал жандыктарын багуу үчүн сарайларды, ошондой эле эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү агрардык өнөр жай ишканаларын курууга ижарага берилет.
Мындан тышкары Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Коңур-Жаз” участогунда көлөмү 20 000 м³ болгон суу кампа курулууда. Суу кампа ишке киргенден кийин агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлүп, 400 гектар кайрак жерди шарттуу сугат жерине айлантууга жана мал чарбачылыгын тоют менен камсыздоо маселесин чечүүгө шарт түзүлөт.

