Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кыш мезгилине даярдык көрүү максатында шаар тургундарын көмүр менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Көмүрдүн баасы — 6 513 сом. “Кыргызкөмүр” ААКсынын түштүк филиалы Ош шаарын көмүр менен камсыздоо жана көмүр кампалары менен кызматташуу багытында иш алып барууда.
Көмүр төмөнкү жерлерге жеткирилип, түшүрүлдү:
1. Арипжан уулу Куштар — 145 тонна көмүр.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Татар айылы, Т. Уларов көчөсү.
2. Мамиев Раимбек — 160 тонна көмүр.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу, Меңиш уулу айылы.
3. “Мустафа ЛТД” ЖЧКсы — 20 тонна көмүр.
Алымбек-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Нагорная көчөсү, 3а дареги (Туран, 1-Адыр).
4. “Глинкс” ЖЧКсы — 500 тонна көмүр.
Ош шаары, И. Раззаков көчөсү, 15б/3.
5. Арипжан уулу Куштар — 60 тонна көмүр.
Манас муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Халмурзаев көчөсү, 20.
6. Арипжан уулу Куштар — 55 тонна көмүр.
Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Кыргызстан айылы, М. Бегиев көчөсү, 33А.
Ош шаарында көмүр кампаларын ачууга жана шаар тургундарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоого кызыкдар ишкерлерди кызматташууга чакырабыз.
Көмүр сатып алуу жана кызматташуу боюнча кеңири маалымат алуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн телефон аркылуу байланышсаңыздар болот: 0557 299 999
