ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Э. Алиев көчөсүндө жол оңдоо иштери уланууда

Э. Алиев көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Мамыров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө учурда жол оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев аталган көчөгө барып, жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.
Жумуштардын алкагында жер астындагы суу түтүктөрү толугу менен тартылып, казылган жерлерди кайра толтуруу жана жолду тегиздөө иштери аткарылууда. Ошондой эле көчөнүн айрым бөлүктөрүнө ирригациялык лотоктор орнотулду.
Мындан тышкары, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыгып кеткен жеңил конструкциядагы курулуштар алынып, жолду талапка ылайык иретке келтирүү иштери улантылууда.

Окшош жаңылыктар

867810048_1423036566655824_4807351001600516213_n

Коллегия: тогуз айдын жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттер

images

Жашыл шаар долбоору: Сурамжылоого катышыңыз!

868627016_1118345750607695_934896811558804349_n

Кулактандыруу! Көмүр жеткиликтүү баада!

d9b18b51-727e-4a75-b089-539c8f780aa3

Ош шаарында 69,76 гектар жер тилкесине “Агро өнөр жай комплекси” курулат

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

Видео