ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Коллегия: тогуз айдын жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттер

Бүгүн Ош шаарында 2026-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга жана алдыдагы милдеттерди аныктоого арналган Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жыйыны өттү.
Жыйынга Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, анын орун басарлары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
Коллегиянын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
– Ош шаарынын 2026-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2026-жылдын IV чейрегине карата милдеттер;
– шаардын экономика тармактарын жана калкын 2026–2027-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо иштеринин жыйынтыгы;
– Ош шаарындагы жол жана капиталдык курулуш тармагында аткарылып жаткан иштердин абалы;
– Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгү;
-шаарда мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун жүрүшү;
– мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардагы аткаруучулук тартиптин, кадрдык иштердин жана калк менен иштешүүнүн абалы.
Жыйын суроо-жооп иретинде өтүп, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулду. Талкуунун жүрүшүндө аткарылган иштердин жыйынтыктары, жетишилген ийгиликтер менен катар орун алган көйгөйлөр жана кемчиликтер да белгиленди.
Коллегиянын жыйынтыгында шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, күзгү-кышкы мезгилиндеги жылуулук берүүнү тездетүү, жол-курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү, муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкаруу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана аткаруучулук тартипти күчөтүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле шаар тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана коюлган милдеттерди өз убагында аткаруу талабы коюлду.

Окшош жаңылыктар

images (1)

Э. Алиев көчөсүндө жол оңдоо иштери уланууда

images

Жашыл шаар долбоору: Сурамжылоого катышыңыз!

868627016_1118345750607695_934896811558804349_n

Кулактандыруу! Көмүр жеткиликтүү баада!

d9b18b51-727e-4a75-b089-539c8f780aa3

Ош шаарында 69,76 гектар жер тилкесине “Агро өнөр жай комплекси” курулат

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

Видео