ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошко Санкт-Петербург шаарынан өкмөттүк делегация келди

Бүгүн, Ош шаарына иш сапары менен Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы – Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьев баштаган делегация келди.

Конокторду Ош аэропортунан Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов жана Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Константин Бахтин тосуп алышты.

Делегаттар Ош шаарына соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Санкт-Петербург-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына катышуу үчүн келишти.

Эске сала кетсек, Ош жана Санкт-Петербург шаарлары 2004-жылдан бери боордош болуп, эки тараптуу кызматташуу жигердүү өнүгүп келе жатат.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео