ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

30-сентябрда, шаар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында жеңил атлетика боюнча массалык жарыш өтөт.

Жарышка катышууну каалаган жарандар 30-сентябрда саат 08:00дө “Түбөлүк от” мемориалдык комплексинин жанында катталышса болот.

Ал эми мекеме-ишканалардын табыштамалары 2023-жылдын 29-сентябрына чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин калыстар тобу тарабынан кабыл алынат.

Жөө күлүктөр төмөнкү жаш категориялар боюнча сыналат:

– мектеп окуучулары;

– студенттер;

– күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү;

– 25-65 жаштагы жарандар.

Жарыш 400, 500, 1500 жана 2200 метр аралыкта өтөт.

Байланыш телефондор: (03222) 7-06-99, 5-63-78.

Эскертүү: Жеңил атлетика боюнча жарышка дарыгердин уруксаты бар адамдар катыша алат.

Жеңүүчүлөр эркектер жана аялдар арасында ар бир топ боюнча өзүнчө аныкталат. 1,2,3-орунду ээлеген катышуучулар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин баалуу белектери, дипломдору жана медалдары менен сыйланышат.

Мектеп окуучулары менен студенттерге да баалуу сыйлыктар каралган.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео