Бүгүн 19-ноябрь күнү, Ош шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXIII сессиясы өтүп жатат.
Сессиянын күн тартибине жалпысынан сегиз маселе киргизилген. Алардын ичинен үчүнчү маселе мэрдин сунушу менен биринчи болуп каралды.
Анда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев А. Масалиев проспектисинде жана Ак-Буура дарыясынын үстүндө эстакадалык көпүрөлөрдү куруу долбоорунун алкагында үйлөрү буздурула турган жарандарга компенсация катары “Ош Сити” турак жай комплексинен 100 батир берилерин билдирди.
Тактап айтканда, жарандар алгач жаңы батирлерге көчүрүлүп, андан кийин гана алардын үйлөрүн бузуу пландалууда. Мындан тышкары, долбоордун алкагында узундугу 2 чакырымды түзгөн веложол жана тротуар куруу да каралган.
Бул маселе боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев презентация жасады.
Талкуу учурунда депутаттар өз сунуш-пикирлерин билдиришти. Алардын сунуштары эске алынган токтом долбоору добуш берүүгө коюлуп, бир добуштан кабыл алынды.

