Оштогу Чубак ажы Жалилов (мурдагы Ишматов) көчөсүн оңдоо иштери уланууда.
Буга чейин жол жээгиндеги мыйзамсыз күркөлөр алынып, дарактар буталган болсо, азыр жер астындагы коммуникациялар — суу жана газ түтүктөрү жылдырылып, ирригациялык лотоктор коюлуп жатат.
Бул даярдыктар бүтөрү менен көчөнүн 3,5 чакырым жерине жаңы асфальт төшөлөт.
