Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

Ош шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында бүгүн калаанын бир катар аймактарына жалпы 2150 түп павловния көчөтү тигилди. Саамалыкка мэр Жанарбек Акаев, анын орун басары Эрнис Толтоев жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери катышты.
Көчөт отургузуу иштери И. Раззаков көчөсүндөгү мурдагы көрүстөндүн ордунан (Гүлкайыр тилкеси) башталып, 150 түп павловния эгилди. Негизги иштер Көкүм бий көчөсүндө уланып, “Жаннат” мейманканасынан Унаа базарына чейинки жол жээгине 1000 түп көчөт тигилди.
Мындан тышкары, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагына дагы 1000 түп павловния отургузулду.
Шаарды көрктөндүрүү иштери мындан ары да уланат. Шаар тургундарын жаңы тигилген көчөттөргө аяр мамиле жасап, алардын өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга чакырабыз.

https://www.facebook.com/share/v/1DuzicZDf4/

Окшош жаңылыктар

images (2)

Эстакадалык көпүрө курула турган жердеги курулуштарды алуу уланууда

images (1)

Авиа шаарчасы жаңы түскө боёлуп, көркүнө чыгууда

images

Ош: “Алай” футбол клубунун жаштар командасы сыйланды

914661624_1490982103220682_380242188447675776_n

Ошто 300 орундуу жаңы бала бакча ачылды

920173057_1490835983235294_6054673292352476011_n

Ош: Укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды

images (1)

Чубак ажы ​Жалилов көчөсүндө иш кызуу!