ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ошто Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, Ош шаарында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленип, “Алымбек-Датка” этнографиялык борборунда Ош шаарынын мэриясы, ЭлТР телерадио компаниясы тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык концерт өттү.

Анын алкагында манасчылар, төкмө акындар, эстрада жылдыздары, бий жана музыкалык топтор кыргыз тилин даңкташып, шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулашты.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов катышып, шаар тургундарын бүгүнкү майрам менен куттукташты.

Ошондой эле кыргыз тили ынтымактын, достуктун жана биримдиктин тили экендигин белгилешип, кыргыз тилинде сүйлөп, кийинки муунга үлгү болууга чакырышты.

Мындан сырткары, “Мамлекеттик тилди өнүктүргөн мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео