Ош: Мыйзам талаптарына жооп бербеген жарнамаларга көзөмөл күчөтүлдү

Бүгүн Ош шаарында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейд алгач Курманжан датка көчөсүндө башталып, ага Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Рейддин жүрүшүндө мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген, ошондой эле эскилиги жеткен көрнөк-жарнамалардын ээлерине эскертүүлөр берилип, мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары буга чейин тиешелүү эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр берилгенине карабастан, мыйзам талаптарына жооп бербеген жана эскилиги жеткен жарнамалык такталар алынды.
Рейддик иш-чаралар уланат.

https://www.facebook.com/share/v/1DRjFvkj3w/

Окшош жаңылыктар

v31g3cfccaxzv00ooa6f130cnfm07h6i

Өрт коопсуздугу эрежелерин сактаңыздар!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Мекендин келечеги ар бирибиздин колубузда!

vybory

ШАЙЛОО-2027: “Түндүк” тиркемеси аркылуу талапкериңизди онлайн колдоңуз!

asfalt-uslug1-848x480

Жаңы-Маала конушунун жолдору толук асфальтталды

917336284_1178304671429946_7510042789858541759_n

Кулактандыруу!

images (2)

Эстакадалык көпүрө курула турган жердеги курулуштарды алуу уланууда