Ош шаарынын Жаңы-Маала конушундагы Зиягин-Ата көчөсүндө 50/50 кош каржылоо программасынын алкагында узундугу 4 чакырымды түзгөн жол куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин мэрдин тапшырмасы менен аталган конуштагы дагы 5 көчөгө асфальт төшөлгөн. Натыйжада бүгүнкү күндө Жаңы-Маала конушунда асфальт төшөлбөгөн жол калган жок.
Мындан тышкары, шаар мэри тарабынан конуштун бир катар тургундарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү тапшырылган.
Жалпысынан, Жаңы-Маала конушунда акыркы мезгилде жол инфраструктурасын жакшыртуу жана тургундардын социалдык маселелерин чечүү багытында бир катар иштер аткарылды. Мунун натыйжасында жергиликтүү жашоочуларды түйшөлткөн бир катар маселелер өз чечимин тапты.
Шаар аймактарында инфраструктураны өнүктүрүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу багытындагы иштер уланууда.
