Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык жер тилкесин жана анын үстүндө жайгашкан объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт.
Аукционго коюлуучу лот:
1-лот. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы Көкүм-Бий көчөсүнүн №95А/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 125 000,0 чарчы метр жер тилкеси жана анын үстүндө жайгашкан «Ош унаа базарынын» административдик имараттары, ашканалары.
• Пайдалануу багыты: автоунаа сатуу базары;
• Ижара акысы: 326 383 200 сом;
• Ижара мөөнөтү: 2 жыл.
Аукционго катышуу үчүн керектүү документтер:
1. Жеке жактар үчүн – паспорттун көчүрмөсү.
2. Юридикалык жактар үчүн – уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, өкүлдүн ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү.
3. Старттык баанын 10% өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү жана 0,5% өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган документтер.
4. Лоттун номерин көрсөтүү менен белгиленген формадагы арыз.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы, Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-бөлмө.
Аукционду өткөрүү жана арыздарды кабыл алуу мөөнөтү:
Аукцион кулактандыруу Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтына жана “Ош шамы” гезитине жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.
Арыздар жарыяланган күндөн тартып 29 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Аукционго жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле алардын ишеним каттын негизинде аракеттенген өкүлдөрү катыша алышат.
Эскертүү: Муниципалдык менчик башкармалыгы аукционго коюлган объектилерди аукцион өткөрүлүүчү күнгө 3 күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.
Кошумча маалымат алуу үчүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылсаңыздар болот.
