Ош шаарында кыш мезгилинин келиши менен турак үйлөрдө өрт кырсыктарынын келип чыгуу коркунучу жогорулайт.
Өрт кырсыктарынын негизги себептерине жылытуу мештерин туура эмес пайдалануу, электр жылытуучу шаймандарды кароосуз калтыруу жана электр зымдарынын техникалык жактан жараксыз абалда болушу кирет.
Ушуга байланыштуу Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарын өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Атап айтканда:
– жылытуу мештеринин жана морлордун абалын үзгүлтүксүз текшерип, өз убагында тазалап туруу;
– электр жылытуучу шаймандарды күйгүзүлгөн бойдон кароосуз калтырбоо;
– электр зымдарынын жана жабдууларынын жарактуулугуна көңүл буруу;
– өрт коопсуздугу талаптарын так сактоо зарыл.
Урматтуу шаар тургундары! Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын өмүрүн жана коопсуздугун сактоо үчүн өрт коопсуздугуна кайдыгер карабаңыздар.
Коопсуздук — ар бир жарандын жоопкерчилиги!
https://www.facebook.com/share/r/1E6cLDH22P/
https://www.facebook.com/share/r/1E6cLDH22P/
