ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ундун баасы боюнча түшүндүрүү жана мониторинг иштери жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда унга болгон баа туруктуу.

Алсак, жергиликтүү өндүрүштөгү 1-сорттогу бир кап ундун баасы 1450 сом, импорттук 1-сорттогу ун 1725 сом, ал эми эң жогорку сорттогу ундун баасы 1875 сомдон сатылууда. Сырттан келген ундун баасынын өсүүсү чет элдик ун чыгаруучу ишканалардагы баанын жогорулашына байланыштуу.

Мамлекеттик мат резервте, жергиликтүү ун өндүрүүчү ишканаларда жана соода түйүндөрдүн кампаларында буудай, ун, күн карама майы жана кум шекердин кору жетиштүү.

Учурда Ош шаарына дагы 35 вагон буудай алынып келинүүдө.

Ун азыктарына болгон бааны жеринде көзөмөлдөө максатында Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери, салык кызматы, монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү биргеликте соодагерлер жана ун өндүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Унга болгон баа тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео