ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Коммуналдык түтүктөрдү алмаштыруу иштерин шаар күнүнө карата бүткөрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жылуулук мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктарды текшерип, Курманжан-Датка менен Ленин көчөлөрүн кыдырып, коммуналдык кызматтар тарабынан жер астындагы түтүктөрдү алмаштыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэр алгач Курманжан-Датка менен Кыргыз көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилкеде, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Ошгаз» көмөк чордону тарабынан узундугу 550 метр газ түтүгүн алмаштыруу иштердин жүрүшүн көрүп чыкты.

Ошондой эле узундугу 330 метрди түзгөн магистралдык жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын 1-этабынын жүрүшүн көрүп, оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын тездетүү талабын койду.

«Түтүктөрдү алмаштыруу иштери өтө жай жүрүп жатат. Иш процессин тездетүү үчүн керектүү чараларды көрүү абзел. Зарылчылыгына жараша эки же үч сменада иштегей турган кошумча жумушчулардын тобу тартылсын. Жарандар жаралган жагдайдан улам ыңгайсыздыкка кабылбашы керек. 5-октябрь – Шаар күнүнө карата бардык иштерди бүткөрүү зарыл», – деди мэр.

Калаа башчысы, «Ош шаардык жолдору» муниципалдык ишканасынын адистерине жол иштерине тиешелүү уруксат кагаздарын берүүдө жумуш процессин үч нөөмөт менен жүргүзүүнү милдеттендирди.

Б.Жетигенов андан ары Ленин көчөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында, курулуш компаниялардын бири тарабынан СХТ-1 откананын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын абалы менен таанышып чыгып, бул жерде да иш процессин күчөтүү жана оңдоо иштерин шаар күнүнө карата бүткөрүүнү тапшырды.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео