ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ага Хан мектеби 20 жылдык мааракесин белгиледи

Бүгүн, 13-октябрда Ага Хан мектебинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, билим берүү мекемеси окуу процессине заманбап технологияларды ийгиликтүү киргизүү менен бирге билим берүү тармагын ар тараптуу өркүндөтүүгө олуттуу салым кошуп жатканын белгилеп, мектептин маанилүү датасы менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары окуу процессинде үйрөнгөн интерактивдүү тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп, илимий эмгектерин көрсөтүштү.

Калаа башчысы ак эмгеги менен өзгөчөлөнгөн бир катар мугалимдерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Майрамдык иш-чара Ага Хан мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Окшош жаңылыктар

864939554_1466037885715104_6614631411770985724_n (1)

Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселелери талкууланды

e3f23a02-8746-489b-806d-04ab051bc5fd

К. Абдыразаков көчөсүндө мыйзамсыз курулуш иштери токтотулду

875308492_1465757179076508_5865990987480661536_n

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери сыйланды

vybory

ШАЙЛОО-2027: Өлкөнүн келечеги ар бирибиздин тандообуздан башталат

863382828_2445377935989033_8117378537476577719_n

Ош шаарынын мэриясы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыялайт

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоонун этаптары

Видео